Аэропорттун учуп-конуу тилкесинде жарылуу болду

Автор

Япониянын Миязаки префектурасындагы аэропортто жарылуу болду. Учуу-конуу тилкеси жабылып, каттамдар токтотулду. Nikkei агенттигинин маалыматына караганда жарылуунун үнү Миязаки аэропортунун аймагында тастыкталды. Толук маалыматтар белгисиз.
Жарылуу 2-октябрь күнү таңкы саат 8:10 чамасында болуп, жол бузулуп, бетинде аянты болжол менен жети чарчы метрди түзгөн тешик пайда болгон. Жабыркагандар жөнүндө маалымат түшкөн жок. Учурда учуу-конуу тилкеси жабылып, каттамдар токтотулду.
Аэропорт шаар борборунан болжол менен 7 чакырым түштүктө жайгашкан. Ал 1943-жылы мурдагы аскер-деңиз базасынын ордуна курулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Пион гүлдөрүн кантип туура багуу керек?

Пиондор – бул көп жылдык гүлдөр, алар туура кам көрүү менен көптөгөн жылдар бою сизди гүлдөгөн гүлдөр менен кубанта алышат. Пиондорго кам көрүү боюнча негизги сунуштар: 1. Жайгашкан жери: Пиондор күнүнө жок дегенде 6 саат күн нурун алган күнөстүү жерлерди жакшы көрүшөт. 2.Топурак: Нейтралдуу жана бир аз щелочтуу рН менен […]

Сизге жагышы мүмкүн