30-августка караган түнү Россия Федерациясынын Псков эл аралык аэропорту “Крест” (Украинадан 700 чакырым алыстыкта жайгашкан) учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын облустун губернатору Михаил Ведерников билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери учкучсуз учактын чабуулун кайтарууда. «Окуя башталгандан бери мен өзүм окуя болгон жерде болдум. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Кыйроонун масштабы такталууда»,-деди облус жетекчиси.
Жергиликтүү тургундар жардырууларды жана автоматтык атышууларды уккан. Ар кандай маалыматтар боюнча аэропортко 10-20 учкучсуз учактар кол салган, аларды ок атуучу курал менен атып түшүрүүгө аракет кылып жатышат.