РФ Коргоо министрлиги билдиргендей, 11-декабрда эртең менен Украинанын Куралдуу күчтөрү Таганрогдогу аскердик аэродромго америкалык ATACMS баллистикалык ракеталары менен сокку урду.
Алты ракетанын экөөсү атып түшүрүлгөн. Калган төртөө радиоэлектрондук каражаттар аркылуу багытынан четтетилген.
Ракеталардын сыныктарынын түшүүсүнүн натыйжасында жеке курамдын арасында жабыркагандар бар. Бирок кыйроолор жок экендиги, аэродромдун техникалык аймагындагы эки имарат жана үч аскердик унаа техникасы сыныктардын кесепетинен жеңил жабыркаганы, аэродромдун жанындагы автотоктоочу жайдагы жарандык унааларга зыян келтирилгени айтылды.
Россиялык аскерлер бул чабуул «жоопсуз калбай турганын, тиешелүү чаралар көрүлөрүн» билдиришти.