Ашууларда жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок

Автор

Бүгүн, 21-октябрда өлкөдөгү ашууларда жана жолдордо жол ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигиненбилдиришти.
Маалымаатка ылайык, учурда Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Каттам бар.
Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.
Министрликтен белгилешкендей, аймактарда асфальт төшөө жумуштары планга ылайык жүрүп жатат. Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен айылдын жалпы 3 чакырым жолун оңдоо каралган. Бүгүнкү күндө 1,9 чакырым аралыкка асфальт басылды.
Ошондой эле Михайловка-Николаевка-Токтоян жолу асфальтталууда. Муну менен катар Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Молдовада президенттик шайлоо: Санду жана Стояногло экинчи айлампага чыгат

Молдованын президенттик шайлоосунун экинчи айлампасына азыркы президент Майя Санду жана мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло чыгат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбүгө караган түнү жарыяланган алдын ала жыйынтыктарга таянып билдирди. Шайлоо протоколдорунун 89 пайызы эсептелгенден кийин, Санду 37,37 пайыз добуш алса, Стояногло 29 пайыз добуш алган. Алар 3-ноябрда өтө […]

Сизге жагышы мүмкүн