Ашууларда абал айтылды

Автор

Ашууларда учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатат.Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык. Жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 791 сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 791 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин материалында айтылат. Документтеги маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,8%га өскөн, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алганда 6,7%га өскөн. 2024-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн