Ашууларда абал айтылды. Жол ачык, каттам бар

Автор

Бүгүн, 30-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жолдор ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
“Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек эмнеге жаңы министрге нааразы болду?

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында санариптештирүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып, эл өкүлдөрү макулдук берди. Адегенде депутаттар талапкерге суроолорду берип, бирок кыргыз тилин жакшы билбегени нааразычылыгын жаратты. Төрага Тургунбек уулу Нурланбек «Кыргыз тилинде сүйлөп жатканда бир дагы жолу Санариптештирүү деп айткан жоксуз. Жалаң цифровизация, цифровизация дейсиз. Бул министрлик Санариптештирүү […]

You May Like