Ашуулардагы абал айтылды

Автор

Бүгүн, 20-декабрь саат 08:00го карата өлкөнүн көпчүлүк айактарында кар жаап жатат, ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдорго инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Бишкек – Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек – Кара-Балта жолунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Россия кызматташуудан баш тартса өзөктүк күчтөрүн күчөтөт

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Жон Файнер Вашингтон стратегиялык туруктуулукту камсыздоо үчүн Москва менен диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу боюнча келишимдин шарттарын аткарбаса, АКШ өзүнүн ядролук күчтөрүнүн согушка даярдыгын күчөтөрүн айтты. Ошондой эле ал башка өлкөлөр өздөрүнүн ядролук […]

Сизге жагышы мүмкүн