Ашуулардагы абал айтылды. Унаа кыймылына чектөө жок

Автор

Кыргызстандагы ашууларда жолдор ачык. Унаа кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош авто жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Тараз –Талас-Суусамыр автожолундагы Өтмөк ашуусунда жолдор ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок.
Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт автожолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларындагы жолдордо да каттам бар.
Учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду тазалоого керектүү техникалар жана инерттик материалдар даярдалып, көзөмөл жүрүүдө.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-октябрда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому тарабынан салына турган «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18 гектар аянтка 8100 батирлүү 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, 2 бала бакча, жашылдандыруу жана автотоктотмолор […]

Сизге жагышы мүмкүн