Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы начальниги Ашимжан Семеттев жер сатуу беренеси боюнча кармалды. Ал «Туран” кичи шаарчасынан 2.2 гектар жердин сатылышы боюнча күнөөлөнүп жатат. “Бул жер Геологородок аймагында. Мэрия бул жерди саткан, бирок, ал жерде селди тосуучу канал болгон. Ал эми сатып алган киши каналды толтуруп, жерди түздөп салган. Эгер архитектура макулдук бербегенде Семетеев жерди бермек эмес”,- деген анын жактоочусу.
Ушул эле кылмыш иш боюнча УКМК шаардык мэриянын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовду, Ош шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошевди жана мэриянын кызматкери Ильяз Сансызбаевди камакка алган эле.
Ош шаардык соту 21-29-октябрда Сансызбаев жана Токошев боюнча чечим чыгарып, 337-статьянын 3-бөлүгү боюнча айыпталышты. Бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу дегенди түшүндүрөт.