Биз ачыткы кошулган тамак ашты жегенибизде дароо эле ашказаныбыздагы ачыткы экспоненциалдуу түрдө көбөйө баштайт. Мындай ачытуу учуру бардык тамак сиңирүү органдарынын иштешин бузат.
Ачыткы организмге кандай таасир этет: ичегилердин бузулган жерлери аркылуу канга кирген зыяндуу микроорганизмдер үчүн жагымдуу чөйрө болуп саналат да, организмден токсиндерди чыгаруу процесси бузулат. Бактериялардын тиричилик активдүүлүгүнүн продуктулары менен организмдин интоксикациясы уланат; ичегилердин коргоочу жана тамак сиңирүү функциялары төмөндөйт; ич катып, бөйрөктө кум уюп, өт баштыкчасында таш пайда болот.