Ачыла элек борборду талашкандар көп

Автор

Маданият министрлиги Түркиянын Анкара шаарында “Чыңгыз Айтматов борборун” түзүүнү пландап жатат. Тийиштүү жактар менен талкуу жүргүзүлгөндөн кийин президенттин макулдугуна жөнөтүлгөнү маалым болду.
Белгилүү болгондой, борбордо 4 кызматкер эмгектенет, алардын бири жетекчилик кызматты аркалайт. Жогорку деңгээлдеги айлык маянасы да каралган. Бирок, кол ийрисине тартат болуп, дале чоңдордун дос-чары, тууган-туушкандары баратабы? Анда кандай болот? Аталган борборду өнүктүрүп, ишин алдыга жылдыруу үчүн түрк тилин семичкедей чаккан, Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуган жана улуу жазуучубуз жөнүндө маалымат бере алган кызматкерлердин барганы жакшы эмеспи?
Анда, ал жакты кимдер мээлеп жатканын кийинки жумаларда сөз кылабыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Активист Акүйгө муш кезеди

Бийликтин тарапташтарында өз ара күрөш күч алдыбы? Кечээ Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековго активист Азамат Марипов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу оор айыптоолорду такты. “Сен Раимбек Матраимовдун пиарчысы экениң жана кррупционерлер чогулган “Биримдик” партиясын алга сүрөп жүргөнүң жалганбы”,- деп сурады. Негизи эле Дайырбек Орунбековго асылуулардын күч алганы көптөн бери […]

Сизге жагышы мүмкүн