Ахрор Иминов апрелге чейин камакта калды

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов 4-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Биринчи Май райондук соту билдирди.
Буга чейин анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп 4-февралга чейин камакка алуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берип, сот аны канааттандырган.
УКМК Ахрор Иминовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен 2023-жылы 11-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек ЖЭБде абал туруктуу

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда 9 казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын. […]

Сизге жагышы мүмкүн