SANA агенттигинин маалыматына ылайык, Сирия администрациясынын башчысы Ахмед аш-Шараа (Абу Мухаммед аль-Жулани) өлкөнүн өткөөл мезгилдеги президенти болуп жарыяланды. Жаңы бийлик мурдагы конституциянын күчүн жоготконун жана парламенттин таратылганын билдирди. Бардык коопсуздук кызматтары жана куралдуу түзүмдөр жоюлду.
«Учурда Сирия үчүн эң негизги максат – бийликтеги боштукту толтуруу, жарандык тынчтыкты сактоо, мамлекеттик институттарды түзүү, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө негиз түзүү, ошондой эле Сириянын эл аралык жана аймактык деңгээлдеги аброюн калыбына келтирүү»,-деди Ахмед аш-Шараа.
2012-жылкы конституциянын иши токтотулду. Ошондой эле мурдагы президент Башар Асаддын тушунда кабыл алынган айрым мыйзамдар жокко чыгарылды. 8-декабрь Сирияда «Улуу сириялык революциянын» жеңиш күнү деп жарыяланды.
Сириянын «Баас» партиясы таратылды. Бул партия 1963-жылдан 2024-жылга чейин өлкөнү башкарган. Аны башка ат менен кайра түзүүгө тыюу салынды.
Сирияда бийлик алмашуу 2024-жылдын 8-декабрында болду. Мурдагы президент Башар Асад өлкөдөн чыгып, Россиядан саясий башпаанек алды.