Киевге бир нече африкалык мамлекеттердин лидерлери келишти. Африкалык тынчтык демилгесинин өкүлдөрү Украина менен Россияга мүмкүн болгон сүйлөшүүлөр үчүн негиз сунуштоого даяр экенин билдиришти.
Ошол эле маалда украин тараптын билдирүүлөрүнө ылайык, сапар учурунда Киев ракеталык аткылоого дуушар болгон. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба муну “Россиянын Африкага билдирүүсү” деп атады.
Согуш бүтүндөй Африкага олуттуу таасирин тийгизди. Анткени Россия менен Украина азык-түлүк жана жер семирткичтерди эң ири жеткирүүчү болгон. Ошону менен бирге Түштүк Африка Республикасынын Президентинин администрациясы континенттин чегинен тышкары жерде куралдуу кагылышууну токтотууга аракет кылуу учун Африканын ушунча кеп сандаган өлкөлөрү биринчи жолу бирдиктүү фронт катарында аракеттенип жаткандыгын баса белгилейт.