АФК Кубогу: “Абдыш-Ата” клубу интерзоналдык финалына чыкты

Автор

Канттын “Абдыш-Ата” клубу 2023/2024 АФК Кубогунун интерзоналдык финалында “Тайчунг Футурого” (Кытайлык Тайбэй) каршы жооптук беттеште финалына чыкты.
Гаосюндун “Наньцзы” стадионунда орун алган беттеште “Абдыш-Атанын” оюнчулары 3-1 эсебинде жеңишке жетти.
Эске салсак, канттык клуб турнирдин тайпалык баскычын ийгиликтүү жыйынтыктап, плей-оффко чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болду.
“Абдыш-Ата” менен “Тайчунг-Футуронун” алгачкы беттеши 5-0 эсеби менен аяктаган эле.
Ошентип, “Абдыш-Ата” клубу интерзоналдык финалга жолдомо алды. Анын потенциалдуу атаандаштары – “Одиша” (Индия) жана “Централ Кост Маринерс” (Австралия) бүгүн, 14-мартта жооптук беттеш өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кемпир-Абад , Матраимов, митинг… Жапаровдун кезектеги маеги чыкты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, анда Кемпир-Абад ишине айланыштуу камактагы саясатчылардын кайрылуусу, депутат Шайлообек Атазов жана Раим Матраимов боюнча суроолорго жооп берген. Маекти толугу менен беребиз: — Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! — Саламатчылык! — Кечээ соцтармакта камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун сизге жолдогон кайрылуусу чыкты. Анда ток этерин […]

Сизге жагышы мүмкүн