АФК жана КФБ президенттери жолугушту

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөбүзгө расмий иш сапар менен келген Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифаны кабыл алып, алар спорт тармагы менен бирге футболду өнүктүрүү маселесин талкуулашты.
Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин АФК менен болгон кызматташуусу ийгиликтүү уланаарына маалымдады. Быйыл КФБ футболду өнүктүрүү багытын көздөп, 18 жаңы долбоорду ишке ашырган. Эми ушул жылдын аягына чейин 12 объект ишке берилээри айтылды. Ал эми Салман бин Ибрагим аль-Халифа
Кыргызстандын курама командасы 2027-жылкы Азия Кубогуна мөөнөтүнөн мурда жолдомо утуп алганын билдирип, муну тарыхый жетишкендик катары баалады.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ президенти Жо Байден Дональд Трампты камоону сунуштады

АКШ президенти Жо Байден Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трампты «саясий жактан камоого» чакырды. Ал Дональд Трамптын бийликке келүү мүмкүнчүлүгүнүн кесепеттерин ойлонуу зарылдыгын сунуштады. «Биз аны камашыбыз керек. Саясий жактан камашыбыз керек. Аны жок кылышыбыз керек»,-деди Байден Нью-Гэмпшир штатындагы демократтардын иш-чарасында. Анын сөзүн Fox News телеканалы түз эфирде көрсөткөн. «Биздин […]

Сизге жагышы мүмкүн