Афганистан учактар боюнча АКШнын чечимин кабыл алынгыс деп атады

Автор

Афганистандын Коргоо министрлиги 2021-жылдын август айында республикадан чыгарылып кеткен учактар менен тик учактарды Өзбекстанга берүү жөнүндө АКШ бийлигинин чечимин кабыл алынгыс деп атады. Бул тууралуу мекеменин расмий Telegram-каналында маалымдады.
«Өзбекстан өкмөтүн бул маселе боюнча кандайдыр бир келишимден баш тартат деп күтүлүүдө. Жакын коңшулук мамилелерди эске алып, акылдуу чечим кабыл алып, учактарды Афганистандын Аба күчтөрүнө өткөрүп берүүгө көмөктөшөт»,-деп жазылган.
Буга чейин АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник Вашингтондун 2021-жылдын августунда Афганистандан качырылып кеткен учактар менен тик учактарды Ташкентке калтыруу чечими жөнүндө маалымдаган. «Бул техникалар Американыкы болгон. Афганистандын аскерлери колдонушкан, бирок биз ар дайым ээлери болгонбуз»,-деген дипломат.
2021-жылдын августунда афгандык учкучтар кызматташтарын жана үй-бүлөлөрүн Афганистандын Аба күчтөрүнө таандык учактар жана тик учактар менен Өзбекстанга жана Тажикстанга чыгарышкан.
Пентагондун маалыматы боюнча, Өзбекстанда 46 даана, Тажикстанда 18 даана качырылган авиатехника бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, […]

Сизге жагышы мүмкүн