Аутизмдин негизги белгилери

Автор

Аутизм – балдар психиатриясындагы эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Бул оору менен жабыркагандар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Буга себеп – диагностиканын өз убагында такталбашы, дифференциалдык диагностика кылынбагандыгы, адистештирилген жардам көрсөтүүнүн деталдуу системасынын жоктугу себеп болууда.
Аутизм диагнозун коюу үчүн негизги симптомдор:
1. Коомдук мамиледе өз ара аракеттенүүнүн жоктугу.
2. Өз ара байланыштын жоктугу.
3. Чектелген же өзгөчө жүрүм-турумдар.
Аутист балдардын баарлашуудагы сапаттык бузулушу:
а) көзгө карабайт
б) мимикасы жок
в) атын атаса, чакырса жооп бербейт
г) өз ара аракеттенуусун жансоо менен көрсөтө
албайт
д) өзү теңдүүлөр менен мамиле түзө албайт же ойнобойт, стресске түшсө, бирөөден жардам
кутпөйт, кубанычын көрсөтө албайт же бирөө менен бөлушө албайт. Суйлөбөйт же аз гана сөз билет, жансоо аркылуу да түшүндүрбөйт.
Стереотиптуу жана кайталануучу кыймылдар менен бир эле сөзду кайра-кайра кайталайт.
Көп кыймылдоо – гиперактивдуулук, угуунун гипо же гипер сезгичтиги, ашыкча сезгичтик, адаттан
тыш тамактануу, тамак эмес заттарды жутуу, тиштөө, чайноо, өзунө зыян келтирүү сезгичтигинин төмөндүгү, агрессивдуу көрүнүштөр, маанайдын өзгөрүп турушу.
Аутизмдин түрлөрү
Типтүү эмес аутизм. Бул турү з жашында башталат. Акыл-эси артта калат, суйлөөнүн
бузулушу жана жогорудагы көрсөтүлгөн симптомдор байкала баштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө билим берүү саммити өтүүдө

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жарманкеге Россия Федерациясынын билим берүү министрлигинин, Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жетекчилери, Россиянын билим берүү жана илимий уюмдарынын 150дөн ашуун өкүлдөрү катышууда. «Эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык […]

Сизге жагышы мүмкүн