“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын төрагасы Бакыт Сыдыков Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулушуна комментарий берди.
“7 айдан бери акыйкатчынын орун басары дайындалган эмес. Акыйкатчы институту иштебейт дешип, 30дай киши митингге чыгышты. Жамааттын 60 пайызы акыйкатчыны кетирип бергиле деп суранып жатышат. Мына ушунун баары негиз болду”,- деп билдирди. Ал эми депутат Адахан Мадумаров бир эле фракциясынын чечими менен кызматтан алуу мыйзамсыз экенин айтып, каршылыгын билдирди.