Аттокуров Чүй районунун акими болуп дайындалды

Автор

Алмаз Аттокуров Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Аттокуров Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ:"Эрис" штаммы тез жайылууда

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) жаңы коронавирус инфекциясынын “Эрис” омикрон штаммынын жаңы вариантынын дүйнө жүзү боюнча тездик менен жайылып жатканын жарыялады. Ошол эле учурда ДССУ коронавирустун жаңы версиясы дүйнөлүк деңгээлде чоң коркунуч туудурбайт деп эсептейт. EG.5 штаммы 17-февралда катталган. «2023-жылдын 19-июлунда ал байкоо алдындагы вариант катары белгиленген. Оорунун белгилери […]

Сизге жагышы мүмкүн