Түркмөнстанда аттестациялоо учурунда мамлекеттик органдардын кызматкерлерине берилген негизги суроолор президентке жана анын жакындарына тиешелүү болуп жатат. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» гезитинин кабарчылары жазды.
Бул жылы Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин, Саламаттыкты сактоо, Эмгек жана Билим берүү министрлигинин кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат.
Кызматкерлер өз кесибине жана иш милдеттерине байланыштуу суроолорго даярданышкан. Бирок сынак алуучуларды алардын кесиптик билими эмес, президент Сердар Бердымухамедовдун өмүр баяны кызыктырган. Элге анын кайсы жерде туулуп-өскөндүгүн жана жетекчинин билимин кайдан алганын, кандай кызматтарды аркалаганын сурашты. Алар ошондой эле анын үй-бүлөсүнүн белгилүү мүчөлөрү жана ал жазган китептердин мазмуну жөнүндө айтып берүүнү суранышты.