Атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өтөт

Автор

Казакстандын өкмөтү өлкөдө атомдук электр станциясын куруу боюнча жалпы улуттук референдум өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомду өкмөткө Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев киргизгенин BES.media маалымдайт. Премьер-министр Олжас Бектенов бул долбоорду президенттик администрацияга киргизүүнү тапшырды.
АЭС куруу боюнча референдумду 2023-жылдын сентябрында өткөрүүнү президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Ал Казакстан уранды дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчү катары «өзүнүн атомдук генерациясына ээ болушу керек» деп белгилеген. Экинчи жагынан, Семипалатинск ядролук сыноо полигонунун «кайгылуу мурасын» эске алуу менен, президент референдум өткөрүүнү зарыл деп эсептеген.
Референдум жарыяланардын алдында Казакстанда АЭС куруу идеясы боюнча коомдук талкуулар өткөрүлгөн. Аларга катышкан экологдор жана активисттер радиоактивдүү калдыктарды туура эмес утилизациялоо менен байланышкан тобокелчиликтерден улам бул долбоорго каршы болушкан.
АЭСти Балкаш көлүнүн жээгинде куруу пландалууда. Долбоордун баасы 10–15 миллиард долларга бааланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты: Кыргызстандыктар таэквондо боюнча 14 медалга ээ болушту

Кыргызстандыктар таэквондо ITF боюнча Азия чемпионатында алты алтын медалга ээ болушту. Жалпысынан улуттук курама команданын эсебинде 14 медаль бар. Индиянын Бангалор шаарында таэквондо ITF боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргыз Республикасынын Original Taekwondo ITF федерациясынын маалыматы боюнча, турнирге 15 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн