Аткаминерлерге сүрөткө түшүүгө, маек берүүгө тыюу салынды

Автор

Чыгыш Афганистандагы Нангархар провинциясынын бийлиги жергиликтүү чиновниктерге сүрөткө түшүүгө жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен видео маек өткөрүүгө расмий түрдө тыюу салды. Бул тууралуу Афганистандын журналистика борбору билдирди.
“Бул тыюу өтө тынчсыздандырган көрүнүш. Анткени Нангархар ушундай чектөөлөрдү киргизген бешинчи аймак болуп калды”,-деп айтылат билдирүүдө.
Укук коргоочуларынын маалыматы боюнча, ушундай эле чектөөлөр Кандагар, Тахар, Бадгис жана Гельменд провинцияларында күчүндө. Бул аймактарда мамлекеттик жана жеке телеканалдардын жабылышына алып келди.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров: Консолидацияланган бюджет 2027-2028-жылдары 1 трлн сомго жетет

Келерки жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 700 млрд сомго жетет деп болжолдонууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, 700 млрд пландалганына карабастан, бюджетти мындан да көп чогултуу көздөлүүдө. “Айына 58 млрд сом, күнүнө 2 млрд сомдон ашык киреше табышыбыз керек. 2027-жылга чейин 743 […]

Сизге жагышы мүмкүн