Ата-энесин бакпагандар жаза алат

Автор

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында улгайган ата-энесин багуудан качкан адамдардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Тазабек Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.

Мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге да жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Депутат Камила Талиева балдарына карата арыз жазган ата-энелердин санын тактады. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, быйыл 6 айдын ичинде карылар үйүндө жашаган 19 адамдан балдарынан алимент өндүрүү боюнча арыздар катталган.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди

«Бир алкак, бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан-Кытай» достук коомунун салтанаттуу жыйынында  министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү чечимин кабыл алганын билдирди. Байсалов мындай чечим достук маанайда жана өлкөлөр ортосундагы элдик дипломатияны чыңдоо максатында кабыл алынганын айтып, Кытай жарандары – Гонконг […]

Сизге жагышы мүмкүн