Ошто “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын көчмө жыйынына, шаар мэри Бактыбек Жетигенов келбей койду. Анын мындай аракети депутаттардын кыжырын келтирди. Депутаттар Оштун босогосунан шаарды аралабай өтүүчү, айланпа жолдун курулушу менен таанышышты. Андан кийин мамлекеттин карамагында калган жалгыз автобекеттин эмгек жамаатынын арыз-муңун угушуп, тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды беришти. Эми депутаттар мэр Бактыбек Жетигеновдун аракетине баа беришеби?