«Ата Бейиттин» сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева чын дүйнө салды

Автор

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы туулган.
Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес.
«Эл душманы» жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген «Ата Бейит» көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 15-август саат 09:00го карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 90 тыйын болсо, сатуу 86 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 70 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн