Ататүрк сейил багындагы объекттерди алуу иштери башталды

Автор

Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил бактын чыгыш тарабында жайгашкан объектилерди алуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда. Мындан тышкары, 14 метр узундуктагы чатыр алынат.Жашоочулар №104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты.
“Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышкан”, -деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Гулжигит Алыкулов Беларусь кубогун жеңди

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алыкулов Гулжигит «Неман» клубу менен Беларусиянын кубогун жеңди. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Беларусиянын Кубогу үчүн болгон оюндардын алкагында Гулжигит 5 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип жана 2 ассист берген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн