Ататүрк паркы 20-майда бошотулат

Автор

Бишкектин мэриясы Ататүрк паркындагы үйлөрдүн ээлерине 20-майга чейин убакыт берген. Кожоюндар көчүрүп кетишпесе, мэрия демонтаждоо иштерин жүргүзүп баштайт. Кечээ мэр Айбек Жунушалиев сотко доо арыз менен кайрылууга тапшырма берди. Мэрия парктын айланасындагы обьектилерди бузуп, 43 гектар жерди мурдагы калыбына келтирүүнү мерчемдөөдө. Ал эми Ататүрк паркын участок кылып таратты делген мурдагы мэрлердин бири Нариман Түлеев “Башкы прокуратура жайгашкан жерди да бошотуш керек. Ал да Ататүрк паркынын уландысы”,- деп билдирүү таратты.

Бөлүшүү:
Next Post

Үчүнчү бала 3 жашка чейин ай сайын жөлөк пул алат

Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Шарапаткан Мажитова жана башка депутаттар демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун социалдык саясат комитети үчүнчү окууда жактырды. Бул мыйзам долбоорунда алыскы жана бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү баласы төрөлгөндө ай сайын жөлөк пул төлөп берүү жагы каралган. Шарты катаал, жетүүгө кыйын аймактарда же, чек ара тилкелеринде жана […]

Сизге жагышы мүмкүн