Формула-1 компаниясынын ардактуу президенти Берни Эклстоун вилласынан чыгып, жумушуна баратканда кол салууга учурады. Башына катуу чапканда эс-учун жоготкон. Уурулар анын кымбат баалуу сааты менен алтын шакегин жана мойнундагы чынжырын чечип алышты. Бирок, ал полицияга эмес колундагы Хублот маркасындагы кымбат баалуу сааттын компаниясына кайрылып, жолугушууга барды. Биртоп сүйлөшүүлөрдөн кийин Хублот компаниясы Берни Эклстоундун көгөргөн жана канаган жүзүн сүрөткө тартып алуу үчүн ага 2 млн доллар төлөдү. Компания ошол эле жылы таяк жеген ардактуу президенттин сүрөтү тартылган жарнамасын жарыялады. Анда, “Хублот саатына жетүү үчүн адамдар кандай гана жолдорго барышпайт”,- деген сөздөрдү жазды.
Белгилей кетсек, Хублот сааттары дүйнөдөгү эң кымбат марка. Алар 50 миңден 100 миң долларга чейин сатылат.