Атабек Абылгазиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Автор

Абылгазиев Атабек Абылгазиевич энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын башкы директору болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Экономика боюнча Нобелди эмгек базарындагы аялдардын ордун баса белгилеген айым алды

Швециянын Королдук Илимдер академиясы, быйыл экономика боюнча Нобель сыйлыгынын Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Гарвард университетинин профессору Клаудия Голдинге ыйгарганын жарыялады. Эмгек экономикасы боюнча адистешкен 77 жаштагы Голдин теңсиздик жана аялдардын жумушчу күчүнө катышуусуна багытталган иш-аракеттеринен улам сыйлыкка татыктуу болду.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн