Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

Автор

Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү.

“Астана арена” спорт комплексиндеги салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты.
Салтанаттуу иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн парады менен башталды.
Андан соң иш-чаранын конокторуна Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көчмөндөрдүн тарыхы жана дүйнө таанымы тууралуу видеоролик жана театралдаштырылган шоу көрсөтүлдү. Оюндарга катышкан өлкөлөрдүн чыгармачыл жана бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты.
Кыргызстандын курамасынын 180 спортчусу оюндун 18 түрү боюнча таймашат. Оюндарда спорттун 21 түрү боюнча 97 медаль топтому, жалпысынан 581 медаль ойнотулат.
Мелдештерди өткөрүүгө 560 ат тартылат. Алар “Аргымак” жана “Казанат” комплекстерине жайгаштырылды. Ошондой эле оюндардагы салттуу аңчылыкка 45 канаттуу катышат, анын ичинде Монголиянын жана Кыргызстандын бүркүттөрү да бар.
Эске салсак, оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Астанада өтөт. Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчулары катышууда

Бөлүшүү:
Next Post

КВНдин алып баруучусу Александр Масляков көз жумду

Советтик жана россиялык телеалпаруучу Александр Масляков 83 жашында көз жумду. болду. Бул тууралуу КВНдин Telegram-каналында маалымдалды. “Чоң кайгыруу менен 2024-жылдын 8-сентябрында Александр Васильевич Масляков каза болгонун маалымдайбыз”, – деп айтылат жарыяда. Александр Масляков бардык КВН оюндарынын катышуучулары жана миллиондогон көрүүчүлөр үчүн уламышка айланган. Ал бул көрсөтүүнү 1964-жылдан бери алып барган. […]

Сизге жагышы мүмкүн