Астанада өтүп жаткан ШКУнун саммитине кайсы мамлекет башчылары катышууда?

Автор

Казакстандын борбору Астанада 3-4-июль күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин 24-саммити өтөт.
2-июлда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапары менен Казакстанга келди. Россиянын президенти Владимир Путин 3-июль күнү эртең менен Астана шаарына келди. Казакстандын борборуна Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келди. Анын өлкөсү уюмда байкоочу болуп саналат.
ШКУнун Борбор Азиядагы мүчөлөрүнөн Астанадагы саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев катышат. Индияны Астанада премьер-министр Нарендра Моди эмес, тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар өкүлчүлүк кылат. Пакистанды премьер-министр Шехбаз Шариф, Ирандан президенттин милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер катышат.
ШКУнун байкоочусу болгон Беларусь өлкөсүнөн президент Александр Лукашенко өкүлчүлүк кылат.
Саммиттин кеңейтилген форматына уюмдун диалогдогу өнөктөш мамлекеттеринин лидерлери катышат. Арасында Азербайжан, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Түркмөнстан жана Түркия бар. Азербайжан менен Түркиядан президенттер Ильхам Алиев жана Реджеп Тайип Эрдоган катышат. Эл аралык уюмдардан ШКУнун саммитине БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, КМШдан Сергей Лебедев жана ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов, ошондой эле Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюмунун жетекчилери катышат.
Саммит “Көп тараптуу диалогду бекемдөө: туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн аракет” деген ураан алдында өтүп, эл аралык жана аймактык маселелерди чечүүдө ШКУнун ролун күчөтүү болуп саналат. Жыйынтыгында ар кандай тармактар боюнча 20дан ашуун документ кабыл алынат. Анда Астана декларациясы, ШКУнун учурдагы эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позициясы жана келечектеги изилдөөлөр, “ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы” жана “ШКУнун 2030-жылга чейинки энергетикалык кызматташтык өнүгүү стратегиясы” камтылат.
Иш-чарада “2025-2027-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча кызматташтык программасы” жана “2024-2029-жылдарга ШКУнун баңгизатка каршы стратегиясы” каралат.
Беларуссиянын ШКУга толук укуктуу мүчөлүгү боюнча чечим кабыл алынары күтүлүүдө. Саммиттен кийин төрагалык Кытайга өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Швейцариянын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, өлкөгө расмий сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болуп, анын ичинде саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн