Астанада ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды

Автор

Бүгүн, 4-июлда Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.
Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтүп жаткан кеңештин ишине ШКУга мүчө-мамлекеттердин – Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышууда.
ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулайт.
Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат.
Ошондой эле ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүдө экологиялык маселелерге, регионалдык жана эл аралык коопсуздукка, санариптик технологияларды андан ары өнүктүрүүгө көп көңүл бурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга 95 тонна гумжардам келди

Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды. Гумжардамда ун, өсүмдүк […]

Сизге жагышы мүмкүн