Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун саммити башталды

Автор

Бүгүн, 3-ноябрда Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун юбилейлик X саммити өтүп жатат. Ага төрт өлкөнүн башчылары келишти.
Иш-чарага Казакстандын президенти Касым- Жомарт Токаев жана уюмга мүчө мамлекеттер – Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстандын лидерлери катышат. Ошондой эле, саммитке байкоочу мамлекеттер Венгрия менен Түркмөнстандын башчылары катышат.
Түрк мамлекеттеринин уюмунун негизги максаты тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо, кызматташтык жана мамилелер маселелерин кеңейтүү, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин потенциалын өнүктүрүү болуп саналат. Уюм аймактагы эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүдө мүчө-мамлекеттердин ортосундагы көпүрө катары кызмат кылат.
Уюм учурда 5 мүчө мамлекеттен жана 2 байкоочу мамлекеттен турат. Мүчө мамлекеттер Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан. Венгрия жана Түркмөнстан байкоочу мамлекеттер болуп саналат.
2-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казакстандын борборуна келишти. Буга чейин Астанага Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев келсе, жума күнү эртең менен түркмөн элинин улуттук лидери, Түркмөнстандын Элдик Маслахатиянын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл 6060 киши ажылык сапарга аттанат

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев баш болгон Муфтияттын айрым кызматкерлери Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен жолугушуп кайтышты. Белгилүү болгондой, быйылкы жылы Кыргыз жарандары үчүн  6060 квота бөлүндү. Бадир Ал-Сулами “2024-жылы ыйык Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүн тейлөөдө 17 […]

Сизге жагышы мүмкүн