Астанада ЖККУнун саммити башталды

Автор

Бүгүн, 28-ноябрда Астанада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити башталды. Саммитке ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары ошондой эле коргоо жана тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери катышууда.
Бул жолку саммите Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны өтөөрү күтүлүүдө.
Саммиттин алкагында катышуучулар өлкөлөрдөгү аскердик-саясий кырдаалды, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын биргелешип белгилөөгө даярдыктарды, тынчтыкты сактоо, кадрларды даярдоо, илимий ишмердүүлүк сыяктуу 30дан ашык маселелер талкууланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мигрант окуучулардын орус тилин билүү деңгээли текшерилди

Россиянын мектептеринде октябрь айында өткөрүлгөн орус тилин билүү деңгээлин текшерүүдө мигрант балдардын 58 пайыздан ашыгы ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүшкөн. 23 пайыздан ашыгында окууда кыйынчылыктар байкалган. Ал эми 18 пайызга жакыны тилди начар билишет же таптакыр билишпейт. Чет өлкөлүк жарандардын тилдик жана социалдык-маданий адаптациясын баалоо системасын сыноо долбоорун жетекчиси Ксения Габдрахманованын айтымында, […]

Сизге жагышы мүмкүн