Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: билеттер канча турат?

Автор

Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана бардык мелдештерге билеттерди сатуу жүрүүдө.
Оюндардын ачылыш аземи 8-сентябрда “Астана Арена” стадионунда болот. Билеттер 15 000 миңден 50 000 миң теңгеге чейинки баада сатылууда.
Оюндардын программасына спорттун 21 түрү кирет. Мелдештерге билеттердин орточо баасы 3600 теңге. Маселен, казак күрөшү, күрөш боюнча мелдештерге билеттер 2500 теңгеден 7500 теңгеге чейин бааланган. Мелдеш Жакшылык Үшкемпиров атындагы Мушташ өнөр сарайында өтөт.
«Алау» муз аянтчасында ашык атуу, мас-рестлинг, күрөш, аркан тартыш боюнча күчтүүлөр байгелер үчүн ат салышат. Билет баасы 1000-3000 тенге.
«Казанат» ипподромунда көкпар, көк бөрү жана байге боюнча мелдештер өтөт. Көкпар жана көк бөрү боюнча тандоо баскычтарында билет баасы 2000-15000 теңге, финалдык баскычка билеттер 2000 теңгеден 15000 теңгеге чейин болот. Байгеге билеттердин баасы 3000-15000 теңге болот.
Этно-айылда жамбы атуу, тыйын эңмей, оодарыш, билек күрөшү боюнча мелдештерди, ошондой эле “Күчтүү көчмөн” таймаштарын көрө аласыздар. Бул спорт түрлөрү боюнча билеттер 1000 теңгеден 2000 теңгеге чейин сатылат.
Салттуу жаа атуу боюнча мелдештер «Аргымак» спорттук-эс алуу комплексинде өтөт. Билет баасы 600 теңгеден 3000 теңгеге чейин.
Белгилей кетсек, жарандардын айрым категориялары үчүн ар кандай жеңилдиктер каралган. Мектеп окуучулары (6 жаштан 18 жашка чейин) жана пенсионерлер, 5 жашка чейинки балдар (орду жок) жана биринчи жана экинчи топтогу майыптар билетти 50 пайыздык арзандатуу менен сатып ала алышат.
Арзандатуу билеттерди кассадан оффлайн режиминде документтерди көрсөтүү менен сатып алса болот. Бардык мелдештерге билеттерди оператордун www.zakazbiletov.kz расмий сайтынан сатылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абад шаарында реконструкциядан өткөрүлгөн эки көчө ачылды

Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарында жаңыдан асфальт төшөлгөн Розы Азимов жана Султан Ибраимов көчөлөрү ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар жана калаа тургундары катышты. […]

Сизге жагышы мүмкүн