Асман шаарын кытайлык инвесторлор курушу мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынынындаЭкономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана жакында Каржы министрлиги инвестор менен меморандумга кол коет.
Эске салсак, Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт “Асман” шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. 2023-жылы мартта жаңы калаанын курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.