Асман шаарын куруу келерки айда башталат

Автор

Асман шаарын куруу он чакты күндөн кийин башталат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда болгон иш сапарында билдирди.
Мамлекет башчысы “Былтыр биз капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн жөн эле шаар салып койбой, жашыл шаар салалы деген сунуштар түшүп, мурдагы долбоорлоруна өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди эле. Азыр дүйнөлүк коомчулук жашыл экономикага, жашыл энергетикага, жашыл талап коюп жатат. Шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн биз дагы заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Украиналык эки генерал издөөгө алынды

Россиянын Ички иштер министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Владимир Горбатюкту издөөгө алганы белгилүү болду. Мындан тышкары, Украина армиясынын логистикалык күчтөрүнүн экс-башчысы, генерал-лейтенант Олег Вишневский издөөгө алынган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн