Борбор Азия цивилизацияга кадамын таштай элек. Бирок, өнүккөн шаарлар адам жашоосун жеңилдеткен ыңгайлуу шарттарды куруп бүттү. Бизде бул абал колго алына элек. Азырынча шаарлардын эскирген же, иштен чыккан механизмдерин алмаштыруу менен алекпиз.
Европанын шаарларында биздегидей абал барбы? Алар өнүгүүнүн канчанчы тепкичине келишти?
– Амстердам шаарынын мэри күн нурунан электр энергиясын өндүргөн веложол салды.
– Австралиянын Нюрнберг шаарында күн нуру менен жүргөн трамвай ишке берилди.
– Израилдин Тел-Авив шаарынын мэри үйлөрдүн чатысына күн нурун өндүрүүчү панель орнотуп, алардын ар бирине 15 миң доллар сарптаган. Өндүрүлгөн электр энергиясы үйлөрдү камсыздап, калганы мамлекетке берилет.
– Италиянын Милана шаарынын мэри калааны пластикалык таштандылардан арындырды. Учурда шаарда бир ирет колдонулуучу каучук буюмдарга уруксат берилбейт.
– Франциянын Париж шаарындагы 10-аймакты таштандыдан арылган пилоттук аймак кылышты. Ошондой эле 400 килметрлик веложолду 800 километрге чыгарды.
– Канаданын Торонто шаарындагы үйлөрдүн эң үстүн бакчага айландырышууда. Мындай аракет абаны тазалоо жана канаттууларга кам көрүү катары бааланды.
– Германиянын Гамбург шаарында базар күндөрү шаарда унаалардын жүрүүсүнө тыйуу салмак болууда. Шаардыктарды ташуу үчүн мэриянын автобустары бир күн жол кире албайт.
Ал эми бизде абал кандай?