Аслан Койчиев: “Элди бөлбөгүлө, Кыргызга ынтымак керек”

Автор

Кыргыз Эл жазуучусу Аслан Койчиев “Кыргыз элин бөлбөй, жөн жашагыла, бизге ынтымак керек”,- деп билдирди. Кечээ ал “Сапат” билим берүү мекемесинин мугалимдер күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу кечеге катышты. Ал мугалимдер жамаатын куттуктоо үчүн сөзгө чыкканда, “Махмуд Кашгаринин конференциясы өткөн учурда белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин түрк элчилигинин кара тизмесине илинип, чакырылбай калыптыр. Силер антип, кыргыздарды бөлбөгүлө дедим. Бизге ынтымак керек. Кыргыздарды бөлүп, жарганга эч кимдин акысы жок”,- деди жазуучу.
Ошондой эле ал “Сапаттын” ийгилиги кыргыз элинин сыймыгы экенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Москвада КМШнын саммити өтөт

Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышат. Иш-чара Россиянын президенти Владимир Путиндин төрагалыгында өтөт. Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков саммиттин күн тартиби тууралуу айтып берди. «Күн тартибинин долбоору он төрт маселени камтыйт. Мамлекет башчылары КМШ алкагында быйылкы жылдагы кызматташуунун жыйынтыгын чыгарып, 2025-жылга карата […]

Сизге жагышы мүмкүн