Аскердик учак кыйрап, бир учкуч каза болду

Автор

Россияда пландуу учуу учурунда аскердик учак кырсыкка учурады. Бул тууралуу Иркутск облусунун башчысы Игорь Кобзев кабарлады.
“ТУ-22М3 аскердик учагынын кыйраган жеринде иштер түнү бою улантылды. Өкүнүчтүүсү, учкучтардын бирин куткарып калуу мүмкүн болбоду. Калган учкучтар ар түрдүү жаракаттарды алышты. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды”, – деп жазды ал Telegram каналында. Кобзев кошумчалагандай, учурда адистер кырсыктын так себептерин аныктоосу керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Жакынкы бир саат аралыгында Бишкекте катуу шамал күтүлөт

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Ошондой эле ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактаран алыс болуңуздар. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн