Аскердик базада жарылуу болду

Автор

Түштүк Кореянын түштүк-чыгышындагы Кимхэ шаарында жайгашкан аскердик базада жарылуу болду. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, үч адам күйүктөрдөн жабыр тартканы менен алардын өмүрүнө коркунуч жок. Жабыркагандардын арасында аскер кызматкерлери жок.
Yonhap агенттигинин маалыматы боюнча, жарылуу Кимхэдеги жабдуулар базасында жаңы курулган кооптуу заттарды сактоочу жайды текшерүү учурунда болгон. Окуянын себеби азырынча такталууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Парижде өткөн жыйкы Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон Мунарбек Сейитбек уулун III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тийешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон. Сыйлык дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, спорттогу көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн ыйгарылды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн