Аскат Алагөзов Бишкек ЖЭБи 1 млрд долларга оңдолот деген маалыматты төгүндөдү

Автор

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу акыркы маалыматтарга карата түшүндүрмө берип, ЖЭБди ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган.
“Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду.
Бул кызматкердин жалган маалыматты таркатуусунун максаты кандай болгону, бул маалымат менен коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгонбу-жокпу териштирүү жүргүзүлүп башталды”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Парустук команда Олимпиадага катышуудан баш тартышты

Бүткүл россиялык парустук федерациясынын президенти Сергей Жиенбаев улуттук курама команданын жетекчилери Олимпиада оюндарына катышпоо чечимин кабыл алганын билдирди. «Улуттук команданын лидерлери буга чейин эле патриоттук себептерден жана административдик жана консультациялык колдоонун жоктугунан улам катышуудан баш тартышкан», — деди федерациясынын президенти Эске салсак, Парижде жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн