Аскат Алагөзов президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Алагозов Аскат Жумакадирович президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Эрбол Султанбаев президенттин басма сөз катчысы болчу. Ал президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси болуп дайындалды.