Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү каалайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча парламенттик комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, Акаевден кат бүгүн келген.
“Маселе дароо күн тартибине киргизилбейт. Алгач аны фракциялар жана депутаттар карап чыгышат. Ошондон кийин гана ал күн тартибине киргизилет”,-деп билдирди ал.