Аскар Акаев ЖКнын чечими боюнча комментарий бербейт

Автор

Жогорку Кеңеш экс-президенттин статусун калыбына келтирүү боюнча Аскар Акаевдин арызын карап, депутаттар экс-президент макамын кайтаруудан баш тарткан. Бул тууралуу комментарий берүүдөн Аскар Акаеев баш тарткандыгын Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттиги жазды.
“Мен парламенттин иши жана чечими боюнча комментарий бербейм”, — деген ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жалпы жыйынында Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке каккан.

Бөлүшүү:
Next Post

“Легендарлуу парламенттин” депутаты Бегиш Аматов чын дүйнө салды

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 75 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көңдүк айылында туулган. 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда […]

Сизге жагышы мүмкүн