Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Жогорку Кеештин депутаты Адахан Мадумаровдун калпын чукуп, “мен Адахан Мадумаровго эч кандай кызмат сунуштаган эмесмин. Эгемендүүлүк алган жылдарда облустарды түзүү боюнча уюштуруу комитетин түзгөнбүз. Жалал-Абат боюнча төрага ошол кездеги депутат Бекмамат Осмонов болгон. Кийин ал альтернативасыз Жалал-Абад облусунун губернатору болуп калды”,- деп жооп берди. Депутат Адахан Мадумаров белгилүү журналист Жылдыз Муслимованын “Табылга” автордук каналына маек берип жатып, “Аскар Акаев эң жаш губернатор болуп, Жалал-Абад облусун жетектеп бербейсиңби”,- деп сунуш айткан эле деген.