Аскар Акаев авантюрист президенттердин атын атады

Автор

Ал парламенттин четке каккан өтүнүчү боюнча жооп берип жатып, Кыргызстандын элинин жарымы дале болсо, өзүн экс-президент катары санаарын айтты. Ошондой эле парламентке эмне үчүн кайрылганына токтолуп, “Бакиев, Атамбаев, Отунбаева авантюрист президенттер эле. Алар өздөрү мыйзамсыз отурушкандыктан мага мыйзамсыз жол менен чечим чыгарышкан. Аларга кайрылган менен маселе чечилбейт болчу. Азыр адилеттүүлүк орноп калгандыктан мурдагы мыйзамсыз чечимди жокко чыгарып койсоңор деп кайрылдым эле”,- деди.
Ал экс-президент макамын кайтарып алуу менен анын эч кандай мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланбай турганын айткан. Аскар Акаев маегинде кыргыз парламентин адилеттүү иштеп жатат деп мактады.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон Алтынбек Кылычбаев бүгүн, 2-октябрда парламенттин жалпы жыйынында ант берип, ишине киришти. Боршайком 30-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кылычбаев Алтынбек Таировичти №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттаган. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын […]

Сизге жагышы мүмкүн