Аскар Акаевдин маселесин ким чечет?

Автор

Аскар Акаев экс-макамын калыбына келтирүү боюнча парламентке арыз жолдогондон бери коомчулук катуу талкууга алып, экс-президент деген макамдын берилишине караманча каршы экендиктерин билдирип жатышат.
Бирок, анын элден жана Аксылыктардан кечирим сураганын эске алып, макамдын берилишин колдогондор андан көп. Айрым саясатчылар болсо, “экс-президент макамы берилсин бирок, чегерилген пенсия менен чыгымдары кыскартылсын”,- дешүүдө.
Бийлик бул маселени парламентке жылдырып, жоопкерчиликтен кутулгансыды. Парламент болсо, бул маселени кандай чечээри алдыңкы күндөрү белгилүү болот. Ал эми сиз кандай деп ойлойсуз, Аскар Акаевге экс-президент макамы ыйгарылсынбы?

Бөлүшүү:
Next Post

Паралимпиада -2024: Кыргызстандык спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Париждеги Паралимпиадага катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын паралимпиада боюнча курама командасын тосуп алуу салтанатында ыйгарды. Байсалов паралимпиадачы-спортчуларды XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанаарын билдирди. Белгилей кетсек, XVII жайкы Паралимпиада […]

Сизге жагышы мүмкүн