Асад Сириядан кантип кеткенин айтып берди

Автор

Сириянын президенти кызматынан кеткен Башар Асад Дамаскка чабуул башталганына байланыштуу, жарандык согуш жана андан кийинки окуялар учурунда кызматтан кетүү же башпаанек суроо мүмкүнчүлүгүн эч качан карабаганын билдирди. Ал 8-декабрдын таңына чейин Дамаскта болгонун, ошол күнү кечинде гана Сириядан чыгып кеткенин айтты.
Башар Асаддын басма сөз кызматынын Telegram-каналында жарыяланган билдирүүсүнө ылайык, козголоңчулар Дамаскка кирип келгенден кийин, ал Сириянын Латакия аймагына жөнөгөн. Ал жакта Хмеймимдеги орус авиабазасы жайгашкан. Анын борбордон кетүүсү орус союздаштары менен макулдашуу жана аскердик операцияларды андан ары көзөмөлдөө максатында ишке ашкан. Кечинде Башар Асад Россияга учуп кеткен.
Башар Асаддын айтымында, жоочулар борборду басып алганын ал Дамасктан чыгып кеткенден кийин уккан. «Террористтер» ээлеп алган өлкөнүн президенти болуп калуунун мааниси жок экенин белгилеген. Анын айтымында, анын кетишине аскердик позициялардын кыйроосу жана андан улам мамлекеттик институттардын ишинин токтоп калышы себеп болгон. «Менин Сириядан кетишим пландалган эмес жана кээ бирөөлөр айткандай, салгылашуулар жүрүп жаткан акыркы сааттарда болгон эмес»,-деп баса белгиледи Башар Асад.
Башар Асад 2000-жылдан бери өлкөнү башкарган, анын үй-бүлөсү 1971-жылдан бери бийликте турган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 17-декабрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 86 тыйын болсо, сатуу 87 сом 34 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 99 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн